Украина ЕБга кирүү боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү баштайт

  • 2 месяца мурун

Люксембургда өтүп жаткан конференция Украина менен Молдованын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы болуп калды.

Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен:

«Биз бул эки өлкө үчүн маанилүү учурдун босогосунда турабыз. Биз биргелешип чоң жана келечектүү Европаны түзө алабыз. Алдыдагы жол оңой эмес, бирок эбегейсиз мүмкүнчүлүктөргө ээ», деди.

14-июнда Евробиримдик Украина менен Молдованын Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрүнүн иретин бекиткен. Алардын башталышы Евробиримдиктин өкмөттөр аралык конференцияларында жарыяланат. Associated Press сүйлөшүүлөрдүн өзү жакынкы бир нече айда башталышы күмөн экенин жазды. Сүйлөшүүлөрдүн башталышы Евробиримдикке жакын арада кирүү дегенди билдирбейт.

Украина 2030-жылга чейин Евробиримдикке кирүүнү каалайт, бирок адегенде коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган, ошондой эле мамлекеттик башкаруу жана сот системасын камтыган ондогон реформаларды жүргүзүүсү керек.

Апрель айынын аягында Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн бардык шарттарды аткарганын жарыялаган. Июндун башында муну Еврокомиссия тастыктаган.

Украина Евробиримдикке кирүү арызын 2022-жылдын 28-февралында тапшырып, төрт айдан кийин, 23-июнда уюмга кирүүгө талапкер макамын алган.

Учурда Европа Биримдигине 27 мамлекет кирет. Дагы тогуз өлкө талапкер статусуна ээ жана ЕБге кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн ар кандай баскычтарында турат.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты