Украина АКШдан 3,9 миллиард доллар жардам алды

  • 1 месяц мурун

Украина Дүйнөлүк банк аркылуу АКШдан кайтарымсыз негизде 3,9 миллиард доллар өлчөмүндө жардам алды. Бул тууралуу Украинанын премьерминистри Денис Шмыгал билдирди.

Анын айтымында, бул каражат мугалимдер менен куткаруучулардын эмгек акылары жана социалдык жөлөк пулдар өңдүү бюджеттин приоритеттүү чыгымдары үчүн жумшалат.

Шмыгал колдоосу үчүн АКШ менен Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдирип, бул жардам Украинага «быйылкы каржылык мезгилден ишенимдүү өтүүгө» мүмкүндүк берерин белгиледи.

Украина быйыл АКШдан жалпысынан 7,8 миллиард доллар алат. Орусия толук масштабдуу басып кирген 2022-жылдан бери Вашингтон украин бюджетин колдоо үчүн берген каражат 27 миллиард долларга жетти.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты