УКМК: «Женго» каймана аты бар кримтөбөл Досоновго байланышы бар жаран кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдары боюнча 11-сентябрда кримтөбөл «Женго» каймана аты бар Кадырбек Досонов менен тыгыз байланышта болгон, 1970-жылы туулган С.К.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жаран «Женго» менен тыгыз байланышта болуп, Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлеринен кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзамсыз тартып алганы аныкталган. Тактап айтканда, зомбулук көрсөтүү жана өлтүрүү менен коркутуп, Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылында жайгашкан Пахта заводун, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан трактордук гаражды, май чыгаруучу цехти жана күнөскананы ээлеп алышкан.

Кылмыштуу план боюнча С.К.А. завод-фабрикалардын өндүрүштүк муктаждыктарына жеңилдетилген кредит алуу шылтоосу менен жабырлануучунун ишенимине кирип, көрсөтүлгөн объектилерди өзүнүн наамына кайра каттатып койгон. Ошол эле учурда аталган кредитти бербестен, С.К.А. жабырлануучунун өндүрүштүк объектилерди өзүнүн менчигине кайтарып берүү өтүнүчүнө жооп берип, бир гана пахта заводун кайтарып берүү менен ал калган объектилерди кайтарып берүүдөн баш тарткан. Ошол эле учурда кримавторитет “Женго” менен кылмыштуу байланыштарды пайдаланып, жабырлануучуну күч колдонуу менен коркута баштаган.

С.К.А. аттуу жарандын жашаган жерин тинтүү учурунда жылмакай ок атуучу эки курал, бычактар, ИИМ кызматкеринин күбөлүгү, ошондой эле аталган өндүрүш объектилерине тиешелүү документтер табылып, алынды.

2024-жылдын 11-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында С.К.А. КР УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына жеткирилип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ош облусунда тергөө абагында кармалып турган “Женго” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов Бишкекке которулган. Досонов буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан. Соңку ирет аны УКМК 2021-жылдын февраль айында кармаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты