УКМК: Ысык-Көлдө «Йакын Инкардын» мүчөлөрү жашаган жерлерден ок атуучу куралдар табылды

  • 2 дня мурун

Ысык-Көл облусундагы «Йакын Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын 16 активдүү мүчөсүнүн жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлдү. Алар аталган облустун Ак-Суу районунун Бурма-Суу жана Сары-Камыш айылдарынын тургундары болгон. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, тинтүү иштеринин жыйынтыгында, алар жашаган даректерден диний-экстремисттик агымга таандык ар кандай диний китептер , диний мүнөздөгү дептерлер, уюлдук телефондор, ошондой эле ок атуучу куралдар табылган.

«Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында диний-экстремисттик агымдын көпчүлүк мүчөлөрү радикалдуу идеологиядан баш тарткандыгын белгилей кетүү керек»,-деп айтылат маалыматта.

Ошонодой эле, алар тарабынан рецидив фактыларын болтурбоо максатында Улуттук коопсуздук органдарынын атынан расмий эскертүү берилгени айтылды.

Учурда тергөө иштери улантылып, тиешелүү экспертизалар дайындалганы белгилүү болду.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты