УКМК: Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылды

  • 2 месяца мурун

«Натур Энержи» ЖЧКсынын директору А.у.А. Камчы Көлбаевдин жакын адамы — Р.Т.К. менен тыгыз  мамиледе болгондугу аныкталды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлагандай,      аталган компанияга Талас облусунун Айтматов жана Талас райондорунда жайгашкан аңчылык жерлери таандык болуп, алардын жалпы аянты 423 миң 966 гектарды түзөт. Ал эми Талас облусунун жалпы аянты 1 млн 140 миң гектарды түзсө,  облустун 1/3 бөлүгүн аңчылык жерлери ээлейт.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган аңчылык чарбалар жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Талас аймактык башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди жана биоресурстар 4 млн.465 миң 550 сомго бааланды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты