УКМК уюлдук телефондорду каттоо мөөнөтү узартылганын билдирди

  • 2 месяца мурун

Жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен, уюлдук телефондору милдеттүү түрдө каттоо боюнча Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.  

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасына алынып келинген тастыктоочу документтери жок болгон мобилдик түзүлүштөрдү каттоо мөөнөтүн 15-августка чейин узартуу жарыяланды. Ошондой эле милдеттүү каттоодон өтпөгөн уюлдук операторлордун абоненттери тармактан ажыратылбайт.

Кабыл алынган өзгөртүүлөрдүн алкагында түзүлүштөрдү каттоо үчүн 600 сом өлчөмүндөгү милдеттүү төлөмдөрдү, анын ичинде кошумча нарк салыгын жана сатуудагы салыкты төлөө түздөн-түз мобилдик телефондордун сатуучуларына, импорттоочуларына жана ритейлерлерине жүктөлөт.

Буга чейин 25-июндан тартып Кыргызстанда мамлекеттик идентификациялоо системасында (МИС) мобилдик түзүлүштөрдү милдеттүү түрдө каттоо киргизилгени маалымдалган. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому 2022-жылдын май айында бекитилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты