УКМК: Токмок автобекетин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 1997-жылы ар кандай үлүштөрү бар жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген, Токмок автобекетин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.   

Ошол эле учурда мамлекеттин үлүшү 30%ды түзүп, бирок мамлекет «Токмок ПАТП» ААК ишмердүүлүгүнөн эч кандай дивиденд алган эместиги белгиленди.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө аталган акционерлер Токмок автобекетинин мыйзамсыз менчиктештирилген фактысын таанып, базар баасы 117 млн сомдон ашык болгон аталган объектти жер тилкеси жана административдик имараты менен өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берген.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Сүрөттө: Токмок автобекети. УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты