УКМК: Телефондорду мыйзамсыз каттоого шектелип төрт жаран кармалды (видео)

  • 20 часов мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан мобилдик каражаттарды алып келүү жана каттоо эрежелерин одоно бузуу фактылары аныкталып, төрт адам кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирип, видеосун жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, бекитилген жол-жоболорго ылайык, өлкөгө сатуу максатында импорттолгон мобилдик аппараттар импортерлор тарабынан катталууга тийиш. Бирок айрым сатуучулар тарабынан мобилдик аппараттарды бажы эрежелерин бузуп каттоо фактылары аныкталган.

«Ошондой эле жеке адамдар тарабынан Мамлекеттик идентификациялоо системасынын (МИС) талаптарын жана иштөө шарттарын бузуу менен мобилдик түзүлүштөрдү баш аламан каттоо схемасы уюштурулуп, кеңири жайыла баштаган»,-деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу 16-октябрда УКМК атайын текшерүү жүргүзгөн. Натыйжасында, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, жогоруда аталган мыйзамсыз иштердин негизги уюштуруучусу болгон А.С.Т., Ю.Ж., У.Р.У. жана С.O.С. аттуу жарандар кармалган.

Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты