УКМК: Түп районунда жалпы баасы 18 млн ашык сомду түзгөн кампалары бар пилорама жана жер тилкеси кайтарылды

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Түп районунун Карасаев айыл аймагында жайгашкан, жалпы сметалык баасы 18 193 000 сомду түзгөн кампалары бар пилорама жана 0,74 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматына караганда,  аталган өнөр жай объекттери жана жер участогу колдонуудагы мыйзам ченемдерин бузуу менен Түп райондук агрардык жана жер реформасы боюнча борборунун, ошондой эле Арал (азыркы Карасаев) айыл аймагынын кызмат адамдары тарабынан Түп районунун жашоочусунун менчигине чыгарылгандыгы аныкталды.

Тергөө иштери уланууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты