УКМК: Сокулуктагы 80 гектардан ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сокулук районундагы базар баасы 257 млн 979 миң сомду түзгөн 80 гектардан ашык жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарылганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, 1998-жылы «Мижас» дыйкан чарбасынын төрагасы М.И.Ж. Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын токтомунун негизинде аталган райондун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнөн 80 гектардан ашык жер үлүштөрүн алганы белгилүү болгон.

«Бирок, 2000-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Мижас» дыйкан чарбасы аталган жер тилкесин пайдаланып, эч кандай укук белгилөөчү документтери жок, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине төлөмдөрдү жүргүзгөн эмес»,- деп айтылат маалыматта.

УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, жогоруда аталган жаран жер тилкесине ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын моюнга алып, жерди өз ыктыяры менен Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө өткөрүп берген.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты