«Сельмаш» стадиону жана бассейни мамлекеттин балансына кайтарылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Михаил Фрунзе атындагы  мурда айыл чарба машина куруу заводуна тиешелүү болгон стадиондун жана бассейндин аймагын мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталган. Ленин райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечими менен белгиленген аймак Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлдү.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, стадион менен бассейн бир убакта Фучик атындагы парктын аймагына таандык болуп, социалдык объектилердин статусуна ээ болгон, ал эми аларды Фрунзе атындагы заводдун жумушчулары пайдаланып келишкен, ошондуктан «Сельмаш» деп аталган. Заводдун аймагындагы объекттерди менчиктештирүүнүн жүрүшүндө Фрунзе атындагы заводдун жеке адамдары, кызмат адамдары менен тил табышып, стадионго жана бассейнге жеке менчик укугун тастыктаган документтерди алышкан.

Бул факты боюнча мамлекеттик комитет тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти «Сельмаш» стадионуна карата жасалган аракеттерди жараксыз деп табуу боюнча сот органдарына доо арыз менен кайрылган. Ленин райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечими менен белгиленген аймак Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлдү. Ошентип, жалпы аянты 3,6 га болгон 1 084 248 000 (бир миллиард сексен төрт миллион эки жүз кырк сегиз миң) сомдук объекттер мамлекетке кайтарылды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты