УКМК милиция кызматкерлерин пара алуу фактысы боюнча кармады

  • 3 дня мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлерин пара алуу фактысы боюнча кармалды.  

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, 2-октябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматы менен бирге УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 100 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын 2-шаардык милиция бөлүмүнүн кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкерлери — А.у.И. жана А.А.А.ны кармады.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган милиция кызматкерлери Ленин райондук ИИБнын өндүрүшүндө турган кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен жарандан жогоруда аталган акча каражатын алганы аныкталган.

Кармалган кызматкерлер кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК милиция кызматкерлерин пара алуу фактысы боюнча кармады
УКМК милиция кызматкерлерин пара алуу фактысы боюнча кармады

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты