УКМК массалык баш аламандык уюштурууга жана бийликти алууга чакырык жасоого шектүү шаар кеңеш депутатын кармады  

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү («Массалык баш аламандык») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Кербен шаардык кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Н.Ж.К.ны кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кармалган жаран Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу катары мезгил-мезгили менен тенденциялуу жана чагымчыл материалдарды, анын ичинде массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана андан соң бийликти күч менен кулатууга/ басып алууга чакырыктарды жарыялаган.

Шаардык кеңештин депутаты УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты