УКМК кызматкерине пара сунуштоого шектүү Савай айыл аймагынын башчысы кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерине пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын башчысы кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

“Савай айыл аймагынын азыркы жетекчиси К.М.К., буга чейин Жаңы-Арык айыл аймагынын башчысы болуп, кызмат абалынан кыянат пайдаланып, айыл аймагындагы жеке турак жай куруу жана коммерциялык багыттагы жер участокторун жасалма адамдарга мыйзамсыз жол-жоболоштурган. Мындан улам аталган жетекчи кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн анын пайдасына оң чечим чыгаруу максатында УКМК кызматкерине 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган. Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат” деп айтылат УКМК басма сөз кызматынын маалыматында.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты