УКМК кылмышка шектелгендердин үйүнөн депутатка таандык аскердик билет табылганын тастыктады

  • 3 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бийликти күч менен басып алууну пландаган деген шек менен кармалган топтун мүчөлөрүнүн жашаган жерин жана автоунааларын тинтүү учурунда бир катар курал-жарак табылганын билдирди.

Алар:

— 50 даана мылтык;
— 20 даана тапанча;
— 255 миң 238 даана ок-дарылар;
— 200 даана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин формасы, 30 даана баш кийимдер;
— 38 даана ок өтпөс кийимдер;
— 2 даана дрон, рация, колго жасалган жардыргыч заттар, экстремисттик адабияттар жана башка буюмдар табылып алынган.

Атайын кызматтын маалыматында тинтүү учурунда бир катар жарандардын өздүк документтери дагы табылганын, алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевге таандык аскердик билет бар экени айтылат.

УКМК бул боюнча кошумча тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Маматалиев Коопсуздук кызматы тараткан маалыматта айтылып жаткан аскер билетин 2020-жылкы Октябрь окуялары учурунда парламенттин сейфинен алып чыгып кетишкенин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты