УКМК: «Курал-жарактардын жана жардыруучу заттардын жашырылган жери табылды»
- 2 года мурун
Курал-жарактардын жана жардыруучу заттардын жашырылган жери табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүнүн иштеринин алкагында ок атуучу куралдар жана жаржыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылды.
"Кара-Буура районунун Казакстан менен чектешкен тоолуу аймагынан жашыруун жай табылып, андан (РГД-5) жарылуучу зат жана номерлери өчүрүлгөн 12-калибрдеги жылмакай мылтык табылып алынган", - деп жазылат маалыматта.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Муну бөлүшүү