УКМК Караколдогу баасы 252 млндон ашкан имаратты мамлекетке кайтарды

  • 2 дня мурун

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан мурдагы «Электр-техникалык» заводдун имараты мамлекеттин эсебине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, заводдун жалпы пайдалуу аянты 4 миң 640,07 чарчы метрди түзөт. Мындан тышкары 9 миң 970,90 чарчы метрди түзгөн жер аянты бар. Ал эми кайтарылган заводдун баасы 252 млн 407 миң сом экендиги айтылды.

«УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантат»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты