УКМК Кара-Суунун акими Темирболот Абыкеевди сыртка чыкпоо тилкаты менен сот бошотконун билдирди

  • 1 месяц мурун

 Ош облусунун Кара-Суу районунун  акими Темирболот Абыкеевдин кармалышы жана сот тарабынан бошотулушу боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) комментарий берди.  

“Ынтымак айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, участокторду бөлүштүрүү учурундагы мыйзамсыз иш-аракеттерге Кара-Суу районунун акими А.Т.А.нын катыштыгы бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган аким Абыкеев коргоо жана жардам көрсөтүү үчүн айыл өкмөт башчыларынын биринен өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алгандыгы аныкталды. А.Т.А. УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына суракка чакырылып, жыйынтыгында кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Ош шаардык соту тарабынан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат түрүндө баш коргоо чарасын тандаган” деп айтылат маалыматта.

А.Т.А аттуу инициалдагы адам- Кара-Суу районунун акими Абыкеев Темирболот  Асаналиевич.   

Ош шаардык соту 23-июлда кечинде Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевдин бөгөт чарасын карап, аны эч жакка чыкпоо кепилдиги менен бошотуу чечимин кабыл алды.

Сүрөттө: Темирболот Абыкеев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты