УКМК: Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын «Ачы» массивинин аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө катышы бар деп Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Б.У.А. кармалды.

УКМК басма сөз кызматы кабарлагандай, Б.У.А. Кара-Суу районунун Шарк (азыркы Датка) айыл аймагынын башчысы болуп туруп, башкы планга өзгөртүү киргизип, Датка айыл аймагынын «Ачы» массивинин социалдык объектилеринин жана айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун аймагындагы 10 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз бергендиги аныкталды.

30-августта кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жер тилкелерин мыйзамсыз берүүнү уюштурууга катышкандыгы үчүн Б.У.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты