УКМК экс-депутат Салайдин Айдаров менен ишкер Жалил Атамбаевдин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

  • 2 месяца мурун

УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров менен бирге ишкер, ИИМдин мурдагы кызматкери Жалил Атамбаевдин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.   

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча,  Жалил Атамбаев укук коргоо органдарынын кызматкери жана жогорку кызматтарды ээлеп турган учурда мыйзамсыз жолдор менен олуттуу финансылык каражаттарды ээлеп алгандыгы аныкталды. Органдардан бошотулгандан кийин бизнес менен алектенип, анда ишмердүүлүгүнүн негизги багыты көп кабаттуу үйлөрдү куруу болуп саналган. Ишкердик ишти жүргүзүүгө алгачкы капитал мыйзамсыз алынып, муну мамлекеттик кызматта турган мезгилде мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу далилдеп турат.

Ошол эле учурда Жалил Атамбае өзүнүн бизнес империясын кеңейтүү максатын көздөп, Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидери, 2024-жылдын 1-августунда УКМК тарабынан издөө жарыяланган Салим Кыргызбаевич (“Салимбай байбача”) менен жакын мамиледе болгон. Өз кезегинде С.Абдувалиев Жалил Атамбаевге колдоо көрсөтүп, бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп берген, ал үчүн кыргыз ишкеринен эбегейсиз каражат алган.

Мындан тышкары, кылмыш ишинин дагы бир фигуранты Салайдин Айдаров  Абдувалиевдин укукка каршы ишмердигин жана анын «Мыйзамдагы ууру» К. Асанбек менен тыгыз байланышы бар экендигин билип туруп, Өзбекстанда жүргөн мезгилинде Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүнүн лидери С.Абдувалиевге ар тараптан сый-урмат көрсөтүп, А.С.А. Өзбекстанда ишке ашып жаткан ишмердүүлүгүнө колдоо алып турган.

Учурда трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыш иштерине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.

Уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деген шек менен ишкер Жалил Атамбаев кармалганы кабарланган.   Бишкек шаардык сотунун Октябрь райондук соту Жалил Атамбаевди 4-сентябрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алды. Жалил Атамбаевге уюшкан кылмыштуу топту каржылоо боюнча кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси боюнча айып коюлуп жатканы айтылган.  

Андан көп өтпөй, Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров кармалганы белгилүү болду.  Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 8-августта анын бөгөт чарасын карап, 4-сентябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган.

Салайдин Айдаровго кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып коюлган.

Сүрөт коллажы: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты