УКМК: Чет элдик валютаны мыйзамсыз алып чыгуу фактысы боюнча кытайлык жаран кармалды

  • 2 месяца мурун

355 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын чек арадан мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган Кытай жараны кармалды.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, УКМК чек ара кызматынын Ош облусунун башкармалыгы менен бирге өлкөнүн мамлекеттик чек арасы аркылуу накталай чет элдик валютаны мыйзамсыз ташып чыгаруу иштерине каршы күрөшүү иш-чараларынын жүрүшүндө, 1971-жылы туулган Л.Д. аттуу Кытай  жараны кармалды.

Аталган жаран «Достук- автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын толтурбастан 355 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып чыгууга аракет кылган.

Көрсөтүлгөн факт боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө деп билдирет УКМК.

УКМК белгилегендей, «Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды коргоо боюнча чаралар жөнүндө токтомуна ылайык, өлкөдөн накталай чет өлкөлүк валютаны резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5000ден көп накталай АКШ доллары суммасында; Кыргыз Республикасынын жарандарына жана резиденттерине 10 000ден көп накталай АКШ доллары суммасында алып чыгууга тыюу салынган.  

Эгерде Кыргыз Республикасынын жарандары жана резиденттери 10 000ден көп АКШ доллары суммасында накталай АКШ долларын алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10 % өлчөмүндө төлөм алуу каралган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты