УКМК: Чүйдө мыйзамсыз иштеп жаткан эки медресе аныкталды

  • 2 месяца мурун

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда тиешелүү органдардын уруксатысыз жана каттоосу жок иштеп жаткан эки диний билим берүү мекемеси аныкталган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында бул медреселерде Дин жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар, ошондой эле архитектуралык-курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык нормалар бузулгандыгы белгилүү болгон.

Медреселерде атайын окуу программалары жок 12 жаштан 15 жашка чейинки жашы жете элек 35 бала билим алып жаткан. Учурда медреселердин ишмердүүлүгү токтотулуп, окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилгендиги айтылды.

«Ал эми мыйзамсыз диний ишмердүүлүктү уюштуруучуларга Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинин 4-бөлүгүндө «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу» боюнча каралган санкциялар колдонулууда»,-деп айтылат УКМКнын маалыматында.

УКМК ата-энелерди жана жарандары балдарды диний окуу жайларга жөнөтөөрдүн алдында алардын мыйзамдуулугун текшерүүгө чакырды.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты