УКМК: Чүй облсотунун эки судьясы 10 миң доллар пара талап кылууга шектелип камакка алынды   

  • 3 месяца мурун

2-июлда башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча ири суммада, 6 миң АКШ долларын опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Чүй облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын эки судьясы А.Т.А. жана К.У.Ж., ошондой эле  ортомчу болуп иштеген соттук отурумдун катчысы О.Ж.Д. кармалганы тастыкталды.

Маалыматта айтылгандай, камакка алуу учурунда судья К.У.Ж. кызматтык унаасы менен кырсыкка учурап, тергөө органдарынан жашынуу чараларын көргөн.

Жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган судьялар соттук отурумдун катчысы аркылуу соттолуучу М.Н.дан кылмыш иши боюнча актоо үчүн 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды. Бирок соттолуучу көрсөтүлгөн сумманы берүүдөн баш тарткандан кийин, соттук отурумдун катчысы судьялардын көрсөтмөсү менен эркинен ажыратуу менен байланышпаган жаза колдонуу үчүн 6 миң АКШ долларын талап кылган.

6 миң АКШ долларын алган кызматкерлер акчалай сыйлыкты өз ара бөлүшкөн.

3-июлда судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен судьялар А.Т.А. жана К.У.Ж., анын ичинде соттук отурумдун катчысы О.Ж.Д. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кечээ ЖМКда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан 2-июлда А.Т.А. жана К.У.Ж. аттуу Чүй облустук сотунун эки соту пара алууга шектелип кармалганы кабарланган.

Маалыматтар боюнча, дагы бир, үчүнчү сот кармалып, кийин кайра бошотулган.

«Баштапкы маалыматтарга караганда, кармалган Чүй облустук сотунун судьяларынын аты-жөнүнүн баш тамгалары судьялар Улукбек Калыбеков менен Тилек Абдырашитовдун ысым, фамилиясына дал келет. Булар мурдагы күйөөсү кулагы менен мурдун кесип салган Асел Ногойбаеванын чуулуу ишин караган соттор» деп айтылат кабарда.

3-июлда судьялар кеңешинин жыйынында Чүй облустук сотунун судьялары К.У.Ж жана А.Т.А. кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө башкы прокурордун сунушу каралды. Судьялар кеңеши аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты