УКМК: Бишкекте мыйзамсыз жүргөн 42 чет өлкөлүк жаран кармалды

  • 2 недели мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарында визасынын мөөнөтү өтүп кеткен 42 чет өлкөлүк жарандын аныкталганын билдирди. Алардын 35и Бангладештин, ал эми жетөө Пакистандын жарандары болгон.

«Тартип бузгандар Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн, ошондой эле Кыргызстандын аймагынан депортациялоо үчүн өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты