УКМК: Бишкек шаарында жолдорду куруу мөөнөтү бузулгандыгы үчүн кылмыш иши козголду

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүн реконструкциялоодо жана курууда тийиштүү милдеттенмелерди аткарууну кечеңдетүү жана аткарбоо фактылары аныкталганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын башында «Бишкекасфальтсервис» мамлекеттик ишканасы тарабынан Бишкектин 19 жолун жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду капиталдык оңдоо үчүн өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы боюнча 145 млн.сом суммасында Б.Г ЖЧКсы  иш жүргүзөрү аныкталган. Ошол эле учурда, жумушту аяктоо мөөнөтү 2024-жылдын март айына белгиленген. Бүгүнкү күндө 9 гана көчө иш жүзүндө бүткөрүлгөнү такталды.

Б.Г. ЖЧКсы тарабынан курулушту кечиктирүүнүн себептери катары курулуш техникасынын жетишсиздиги, мыйзамсыз курулуштарды бузуу зарылдыгы, жашыл аянттарды кесүү жана кыюу, электр мамыларын которуу ж. б. ар кандай жагдайлар белгиленип, бирок текшерүүнүн жүрүшүндө алар тастыкталган эмес.

«Бишкекасфальтсервисти» каржылоо келишимдерде белгиленген шарттарга ылайык жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, буга чейин бүткөрүлгөн көчөлөрдүн ар кандай мүчүлүштүктөрү жана кемчиликтери аныкталып, подряддык уюмга аларды жоюу зарылдыгы көрсөтүлгөн.

 Б.Г. ЖЧКсынын жетекчилиги милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбагандыгын толугу менен мойнуна алып, бардык иштерди 2024-жылдын 20-августуна чейин бүтүрүүгө кепилдик бергендиги белгиленди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты