УКМК бийликти басып алууга шектелип кармалгандар 31-августта теракт кылууну пландаганын билдирди

  • 3 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалгандар 31-августта улуттук ат чабыш ойнотулуп жатканда теракт кылууну пландаганын билдирди.

Атайын кызмат 6-июлда тараткан маалыматта «кармалгандар массалык башаламандык уюштуруп, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көздөшкөнүн, алар жаштар көп чогулган ат чабыш оюндары жүргүзүлүүчү жерде талап-тоноо, карапайым элдин мүлкүн талкалап, массалык башаламандыктарды жүргүзүүнү, жыйынтыгында бийликти басып алууну көздөшкөнү» айтылат.

«Бул топтун өлкө башчыларына кол салуу ниети болгону да аныкталган. Негизги максаты — бийликти басып алуу экени да ачык болгон. Пландалган массалык башаламандыктар учурунда курал-жарак, спорт ок аткычтар клубдарын, мергенчилик дүкөндөрдү басып алууну көздөшкөн. Ар бирине жүктөлгөн тапшырмалары болгон. Колго жасалган жардыргыч заттардын тетиктерин, курал-жарак, байланыш жок болуп калганда колдонулуучу рация, уулуу заттарды чачуу үчүн дрондорду сатып алып жүрүшкөн. Массалык башаламандыктар учурунда элге жана күч кызматкерлерине аралашып кетүү үчүн 100 комплект милициянын жана аскер формаларын сатып алышкан, Булар пландарын ишке ашырууда көп курмандык болорун эсептегенде, аларды чыныгы террордук топ деп атоого негиз бар«, — деп жазылат маалыматта.

УКМК «бул топтун айрым мүчөлөрү коррупцияга айыпталып, жоопкерчиликке тартылган адамдарды өздөрүнө тартууга аракет кылганын жана алардан каржылык колдоо издешкен» деп дагы билдирди.

Атайын кызмат учурда бул иш боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын, жакынкы арада «көшөгө артындагы чыныгы жүздөр» аныкталарын жана сөзсүз жазаланарын билдирди.

Аталган мекеме 5-июлда бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топ кармалганын кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты