УКМК: Базар-Коргондо дарыгерлик практика борборунун башчысы кармалды

  • 1 неделя мурун

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун бөлүм башчысы пара алууга шектелип, кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, УКМКга Базар-Коргон районунун тургундары кайрылып, алар аталган райондогу жалпы дарыгерлик практика борборунда системалуу түрдө акча чогултуу фактысы тууралуу даттанышкан.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, эмгекке жарамсыздык баракчасын бергендиги үчүн, ошондой эле майыптыгынын тобун аныктоодо медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын оң корутундусун тездеткендиги үчүн жарандардан системалуу түрдө опузалап акча каражаттарын алгандыгы аныкталып, аталган оорукананын бөлүм башчысы кармалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Пара алуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты