УКМК: Баасы 50 млн доллардан ашкан алтын кени мамлекеттин балансына кайтарылды

  • 2 дня мурун

Баткен облусундагы «Апрельское AZI» алтын кени Жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлигинин балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жерде алтындын жалпы кору 10 тоннага жакын жана 15 тонна күмүштү түзөт. Ошондой эле алдын ала эсептөөлөр боюнча кендин баасы — 50 миллион АКШ доллар.

УКМК аталган мамлекетке кайтаруу иши «кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле К.Асанбектин (Көлбаевдин) уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында» жүргүзүлгөнүн билдирди.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты