УКМК баңги зат ташуу менен алектенген эл аралык баңги топту аныктады (видео)
- 4 дня мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) баңги зат ташуу менен алектенген эл аралык баңги топту аныктап, Бишкекте чет өлкөлүк жаранды 300 млн сомго бааланган ири өлчөмдөгү баңги зат менен кармады. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, УКМК Бажы кызматы менен биргеликте «Пакистан – Афганистан-Өзбекстан-Кыргызстан» маршруту боюнча метамфетамин-баңги каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө ташуу менен алектенген эл аралык баңги топту аныкташкан.
Ыкчам-издөө иш-аракеттеринин жыйынтыгында 7-октябрда Бишкекте чет өлкөлүк С.У. аттуу адам кармалып, андан 300 млн сом суммадагы 67,615 кг метамфетамин табылган.
«Аталган чет элдик жаран жогорудагы маршрут боюнча Гонконг шаарына Казакстан аркылуу келген метамфетаминди жөнөтүүнү уюштурганы аныкталды»,- деп айтылат маалыматта.
Кармалган чет өлкөлүк жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган. Учурда бул кылмышка катышкан башка адамдарды издөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.
Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы