УКМК 2 миң доллар пара талап кылган телеканал журналисттери кармалганын билдирди

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) телеканал журналисттеринин жарандардын аброюна шек келтирүүчү мүнөздөгү видеоматериалдарды жарыялайбыз деп коркутуп, системалуу түрдө пара талап кылуу фактысы аныкталганын билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, милициянын кайгуул күзөт башкармалыгы менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан жолдордогу мыйзам бузууларды каттоого багытталган рейд учурунда тартылган видеоматериалдар кийин айдоочуларды шантаж кылуу жана акча опузалоо үчүн колдонулган.

Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында өлкөдөгү телеканалдардын биринин кызматкерлери Ж.Н.А. жана И.T.M. шантаж жана коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерден анын катышуусундагы видеоматериалдарды алып салуу үчүн акча талап кылышкан. Ошол эле учурда, алар өздөрүнүн аракеттерин мыйзамдуу көрсөтүү үчүн, алардын алдында карыздык милдеттенмелери бар экендиги жөнүндө милдеттеме жазууга мажбурлашып, унаасын күрөөгө алышкан.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 9-июль күнү аталган адамдар 2000 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын өткөрүп жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул иш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталды.

УКМК 2 миң доллар пара талап кылган телеканал журналисттери кармалганын билдирди
УКМК 2 миң доллар пара талап кылган телеканал журналисттери кармалганын билдирди

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты