“Уккусу келбегендер укпай эле койсун”. Максүтов орусиялык ырчылар боюнча комментарий берди

  • 3 недели мурун

Эгемендик күнүндө Орусиянын ырчыларынын “Ала-Тоо” аянтына келип ырдашы боюнча социалдык тармактарда каршы пикирлер жазылууда. Буга байланыштуу “Кабар» маалымат агенттигине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов комментарий берди.

“Азыр Фейсбук жана башка социалдык тармакта отуруп алып, «бул ырчы келсин, тигил келбесин, муну угабыз, тигини укпайбыз» деп аткандарга айтарым бул майрамдык иш-чара жана ал жакка биз эч кимди күчкө салып, «бас, кел, ушуну ук» деп айта албайбыз. Аларды уккусу келбегендер укпай эле коюшсун” деди министр Максүтов.

Министр орусиялык ырчылар акысыз эле ырдап берээрин билдиришкенин кошумчалады:

«Россиялык ырчылар тобу өздөрү демилге көтөрүп, сиздердин Эгемендүүлүк майрамыңыздар жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктап коелу деп жатышса, жок келбегиле демек белек?»

“Көпчүлүк кубануу менен кабыл алып жатат. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Силерди мааракеңер, майрамыңар менен куттуктап коелу дегенди мамлекетибиздин кадыр-баркынын өсүшү катары кабыл алышыбыз керек дейт элем. Мамлекетибиздин кадыры жок болсо кайсы ырчы келип, белек катары ырдап берейин демек эле?” деп комментарийледи министр.

Буга чейин президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Эгемендик күнүнө карата орусиялык ырчылардын «Ала-Тоо» аянтында ырдашына каршы пикирин билдиргендерге Фейсбук баракчасында жооп берип, аларга эч кандай гонорар төлөнбөй турганын айткан.

Эгемендик күнкү концертте швециялык ырчы Bosson, италиялык ырчы жана композитор  IN-GRID, Орусиянын ырчылары Филипп Киркоров, Стас Михайлов, Люся Чеботина, кыргызстандык ырчы Амирчик чакырылганы тууралуу маалыматтар жарыяланды. Социалдык тармактарда эгемендик алган майрамга орусиялык ырчылар чакырылганына нааразы болгондор бар.

Буга чейин концерттик программаны демөөрчүлөр төлөй турганын “Клооп” агенттигине маданият министрлиги билдирген. Аларга канча каражат кете тургандыгы жана демөөрчүлөрдүн аты-жөнү аталган эмес.   

Сүрөттө: Алтынбек Максүтов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты