Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун жыйынында сөз сүйлөдү

  • 1 неделя мурун

26-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин ачык жыйынында сөз сүйлөдү. Жыйын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо маселеси боюнча өткөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жыйында Жээнбек Кулубаев Жакынкы Чыгышта, Африкада жана Чыгыш Европада болуп жаткан коопсуздук кризистери бейкүнөө адамдардын өмүрүн алып, гуманитардык кризистерди жана кыйроолорду жаратып жатканын айткан. Ошондой эле буга байланыштуу Кыргызстан эл аралык чыңалууну тезинен жоюуну жактай тургандыгын баса белгилеген.

«Жээнбек Кулубаев жыйында Кыргызстан 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер болуп саналарын маалымдады. Ошол эле учурда Кыргызстан Коопсуздук кеңешке шайлана элек 60 мамлекеттин тизмесинде экенин билдирди. Буга байланыштуу бул тарыхый адилетсиздикти жоюп, жогоруда аталган өлкөлөргө Коопсуздук кеңеште иштөөгө бирдей мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштады»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: mfa.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты