“Туңгуч” театры жайгашкан имарат мамлекетке кайтарылды  

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан тарыхый эстеликтерге тиешелүү объектти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, баасы 317 млн.106 миң сом же 3 млн. 750 миң АКШ долларын түзгөн мүлк мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.

«Советтер Союзу кулагандан кийин, менчиктештирүүнүн жалпы толкунунда «Тунгуч» жаштар драма театры жайгашкан имарат, ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзам талаптарын бузуу менен «Т.П.Ц.Т.» ЖЧКсынын менчигине берилгени аныкталды. Белгилей кетсек, аталган мүлк тарыхый жана маданий эстелик болуп саналат, мамлекеттин коргоосунда турат жана коомдук оюн-зоок жана социалдык-маданий максаттар үчүн гана имарат катары пайдаланылышы мүмкүн. Ошондой эле, бул имаратта көп жылдар бою түнкү клуб иштеп келген. Мүлктү мамлекеттин атынан мыйзамдуу ээсине кайтарып берүү максатында УКМК тарабынан менчик ээси менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында 2024-жылдын 23-сентябрында уюштуруучу жана ээси катары Ч.В.С. «Т.П.Ц.Т» ЖЧКсынын 100% акциясын өз ыктыяры менен Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп берди” деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты