“Троллейбуска түшкөн жүргүнчүлөр саны кыскарган”. Мэр Бишкектен троллейбус толук алынары тууралуу айтты

  • 3 месяца мурун

 Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынарын шаардын мэри Айбек Жунушалиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, троллейбустар өз багыты боюнча белгилүү бир көчөлөр менен гана жүрүп, аларды убактылуу башка көчөлөргө бурууга мүмкүн эмес.

 “Электробустар жана башка транспорт каражаттары мобилдүү болгондуктан, тыгын маселесин чечүүдө жардамы да тиет. Ошондой эле, биз троллейбуска түшкөн жүргүнчүлөрдүн саны кыскарганын да байкап, ушундай чечимге келдик” деген Айбек Жунушалиев.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты