Трампка кол салууга аракет кылган деп Райан Рутка айып тагылды

  • 2 недели мурун

АКШнын федералдык прокурорлору 58 жаштагы Райан Рутту Республикачыл партиядан президенттикке талапкер Дональд Трампты өлтүрүүгө аракет кылган деп расмий түрдө айыптады.

Айыптоонун ичинде киши өлтүрүү аракети, зордук-зомбулук көрсөтүү максатында курал сактоо жана федералдык офицерге кол салуу бар.

«Мамлекеттик кызматкерлерге багытталган зордук-зомбулук биздин өлкөнүн бардык баалуулуктарына коркунуч туудурат жана Юстиция министрлиги мурдагы президент Трампты өлтүрүүгө аракет кылган Райан Рутту жоопко тартуу үчүн баарын жасайт» деди АКШнын башкы прокурору Меррик Гарланд.

Буга чейин Райан Рут алдын ала жазган катында Трампка кол салуу аракетин пландап, ал тургай анын ишке ашпай турганын алдын ала айтканын мойнуна алганы кабарланган.

«Бул Дональд Трампка кол салуу аракети болчу, бирок мен ишеничти актаган жокмун. Мен колумдан келишинче аракет кылып, колумдан келген бардык тапкычтыгымды көрсөттүм» деген мазмундагы катты Рут кутуга салып, досунун үйүнө таштап кеткен. Ал бул ишти бүтүргөндөргө 15 миң доллар сый акы сунуштай турганын кошумчалаган.

Сентябрдын ортосунда Флорида штатындагы Уэст-Палм-Бичтеги гольф аянтчасынын жанында ок атылганда Дональд Трамп ошол жерде болгон. ЖМКлардын маалыматына караганда, Рут бир нече кылмыш боюнча айыпталууда. Ал ооган армиясынын мурдагы жоокерлерин Украинанын Куралдуу күчтөрүнө тартууга аракет кылганы жана 2022-жылы бир нече ай Украинанын аймагында жүргөнү айтылган.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты