Трамп талапкерлигин колдогон Илон Маскка маек берди

  • 1 месяц мурун

АКШда президенттикке республикачылардан талапкер, мурдагы президент Дональд Трамп менен америкалык миллиардер, ишкер Илон Маскка маек курду.

Журналисттер «достук маек» катары мүнөздөгөн эки сааттык интервью Маск ээлик кылган X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнү аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.

Техникалык маселеден улам 40 мүнөт кеч башталган маекти түз эфирде 1,3 миллион адам көрүп жатты. Маск аны 1 миллиарддан ашуун киши көргөнүн жыйынтыгында айтты.

Экс-президент жана X ээси бир топ теманын, анын ичинен экономика, өзөктүк согуш коркунучу, Орусиянын Украинадагы согушу, миграция маселесинин тегерегинде сүйлөшүштү. Экөө бир нече жолу бирин-бири макташты. Мисалы, Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Маск Трамп өткөн айда кол салууга кабылганда «эрдик көрсөттү» деп айтты.

Трамп эгер шайлоодо утуп чыкса, орус президенти Владимир Путин менен мамилесин кайрадан жакшыртууга үмүттөнүп жатканын билдирди. Эки саясатчы 2019-жылы Жапонияда өткөн «Чоң жыйырма» саммити учурунда кезигишкен. 1,5 саатка созулган сүйлөшүүдө Иран, Украина, Сирия жана Венесуэла маселелери талкууланганы кабарланган.

Трамп президент болуп турганда аны «Путиндин агенти» деп атагандар да болгон. Орусиянын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын дээрлик баары Трампты демократтарга караганда кыйла жактыруу менен сөз кылышат. Бирок АКШдан Украинага Донбасстагы орусиячыл жикчилерге каршы курал-жарак Трамптын тушунда жөнөтүлө баштаган.

АКШда кезектеги президенттик шайлоо быйыл ноябрда өтөт. Трамптын атаандашы – демократтардын талапкери, азыркы вице-президент Камала Харрис.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты