Торугарт жана Эркечтам көзөмөл-өткөрүү жайлары убактылуу жабылат

  • 1 год мурун

Кытайда Күздүн ортосу майрамы (29-сентябрда) жана КЭР негизделген күнү (1-октябрда) майрамдалаарына байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан  «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү жайлары 2023-жылдын 29-сентябрында, ошондой эле 1-3-октябрда убактылуу жабылат. 

Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.

“Эркечтам-автожол» жана «Торугарт-автожол» көзөмөл- өткөрүү жайлары адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү 30-сентябрда  өткөрө турганы жана   2023-жылдын 4-октябрынан баштап кайрадан күнүмдүк тартипте иштей баштаары маалымдалды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты