Токтогул ГЭСинин №1 гидроагрегаты реконструкцияланып, ишке киргизилди

  • 1 день мурун

Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегатынын реконструкциялоо иши ийгиликтүү аяктап, кошумча 60 МВт кубаттуулук менен ишке кирди.

Бул тууралуу энергетика министрлиги билдирди.   

№1гидроагрегатты реконструкциялоо иши 2024-жылдын март айында башталган. Реконструкция жана жаңылоо долбоорун «GE Hydro» компаниясы ишке ашырды. Реконрукциялоо менен 60 МВт кубаттуулук кошумча кошулду.

Энергетика министри Таалайбек. Ибраев гидроагрегатты реконструкциялоо оңой иш эмес экенин баса белгилеп, энергетиктердин мындан аркы ишине ийгилик каалады.  

Токтогул ГЭСи — Нарын дарысындагы эң ири гидроэлектростанция, Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында жайгашкан. Суу сактагычынын көлөмү 19.5 млрд.м3, мурда (реконструкцияга чейин) кубаттуулугу 1200 МВтты түзүп, ар бири гидроагрегаттын кубаттуулугу 300 МВттан болгон төрт агрегат турган.

Маалыматта белгиленгендей, буга чейин станциянын эки гидроагрегаты жаңыланып, ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна 120 МВт кошулган. Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСде 1-ГА реабилитациялоодон өтүп, дагы 60 МВт кошулду.

Жалпысынан Токтогул ГЭСтин 3 ГАсы реконструкцияланып 180 МВТ кошулду.  Алдыга коюлган панга ылайык тортунчу ГАны реконструкциялоо иши 2025-жылы башталат. Модернизациялоо долбоору аяктаса ГЭСке жалпы 240 МВт кубаттуулук кошулуп, ГЭСтин иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узарат. 

Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) 110 миллион доллар жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕФСД) 100 миллион доллар бөлгөн каражаттардын эсебинен ишке ашырылууда.

Кыргыз Республикасы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун уюштуруучу мамлекети болуп саналат. Республикада ишке ашырылып жаткан жана ишке ашырылып жаткан EFSD долбоорлорунун көлөмү 700 миллион доллардан ашат. Ал долбоор бюджеттик колдоо, саламаттыкты сактоо, энергетика, жол куруу, суу менен камсыздоо багыттары боюнча.

Сүрөт: minenergo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты