Токмоктогу жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 4 жаран жабыркады
- 2 года мурун
Токмоктогу жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 4 жаран жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында Toyota Ipsum жана Hyundai Porter унаалары сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 1974-жылы туулган Т.К. аттуу эркек киши каза болуп, 4 адам жабыркады. Жерине 3 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып ИИМ кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу Токмок шаардык ооруканага жеткирилди. Абалдары орто.
Муну бөлүшүү