Токмоктогу 920 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

  • 2 недели мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан Токмок шаарындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекеттин эсебине кайтарылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, жалпы аянты 6 900дөн ашык чарчы метрди түзгөн 2-кабаттуу бала бакча комплекси 1996-жылы жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип, азыркы учурда максатсыз пайдаланылып жаткан. Бала бакча комплекси 920 млн сомду түзөрү айтылды.

«Аталган комплекс мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздиги көйгөйүн эске алуу менен Токмок шаарынын мэриясынын муниципалитетинин балансына өз багыты боюнча пайдалануу үчүн, башкача айтканда, балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартуу максатында өткөрүлүп берилди»,- деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты