Токмокто үч аял 77 жаштагы тургунду алдоого шектелип кармалды

  • 3 часа мурун

Токмок шаарында 43, 39 жана 34 жаштагы үч аял 77 жаштагы тургунду алдоого шектелип, кармалышты. Алар өздөрүн «Кызыл чырым» (Красный крест) уюмунун өкүлдөрү катары көрсөтүшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 14-октябрда милиция бөлүмүнө Токмок шаарынын 77 жаштагы С.А. аттуу тургуну кайрылып, үч аял өздөрүн жогоруда аталган уюмдун өкүлдөрү катары көрсөтүшүп, анын 80 миң сом жана 200 евро өлчөмүндөгү акчасын алдап алышып, белгисиз тарапка качып кетишкенин айтып, аларга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренсинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөөнүн жыйынтыгында, мурда соттолгон 43, 39 жана 34 жаштагы үч аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Кошумчалай кетсек, учурда жогоруда кармалган аялдардын шаардын жана Чүй облусунун аймагында ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги такталып жатат»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: Чүй облустук ИИБдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты