Токмокко жакын жерде унаа кырсыгынан жети киши каза болду

  • 2 недели мурун

1-сентябрда Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 51-чакырымында Токмокко жакын жерде болгон автокырсыктан жети адам каза болду. Бул тууралуу “Азаттык” Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) басма сөз кызматына шилтеме жасап, жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Subaru Outback, Mercedes-Benz, Toyota Camry, Toyota Voxy жана Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү жалпы беш автоунаа сүзүшкөн.

«Кырсыкка катуу бараткан Subaru Outback машинасынын дөңгөлөгү жарылып кеткени себеп болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал батыштан чыгышты көздөй бара жатып алдыңкы сол дөңгөлөгү жарылып автоунаа каршы тилкеге чыгып, Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын сүзгөн»,-деп айтылат кабарда.

Азыркы тапта тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты