Токаев менен Мирзиёев Астанада Алишер Навоинин эстелигин ачты

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Астанада Алишер Навоинин эстелигин салтанаттуу түрдө ачты.

Мирзиёев Навоинин айкелин тургузуу демилгеси үчүн Токаевге ыраазычылык билдирди.

«Казакстан баш калаасынын борборунда чоң эстеликтин тургузулганы – казак элинин Өзбекстанга болгон терең сыйын көрсөтүп турат. Улуу философ жана гуманист Алишер Навоинин чыгармачыл мурасы – өзбек элине гана эмес, дүйнө жүзүнө таандык болгон уникалдуу байлык» деди Мирзиёев.

2020-жылы казак акыны Несипбек Айтулы Навоинин негизги эмгеги деп эсептелген «Хамсу» чыгармасын казак тилине которуп, басып чыгарган. Анын баш сөзүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жеке өзү жазып берген.

Мирзиёев Астанага иш сапары менен 7-августта барган.

Сапардын алкагында өзбек президенти Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин алтынчы Консультациялык жолугушуусуна жана «Борбор Азия + Жапония» форматындагы диалогго катышат деп күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты