Токаев «Масс-медиа жөнүндө» мыйзамга кол койду

  • 3 месяца мурун

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Масс-медиа жөнүндө» мыйзамга жана сөз эркиндигин коргоочуларды тынчсыздандырган айрым жоболордун топтомуна кол койду.

Жаңы мыйзамга ылайык, «массмедиа» аныктамасына жалпыга маалымдоо каражаттары гана эмес, интернет-ресурстар да кирет. Мыйзамдын күчүнө кириши менен буга чейин иштеп келген «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» жана «Телерадиоберүү жөнүндө» мыйзамдар күчүн жоготот.

«Масс-медиа жөнүндө» мыйзамга ылайык, ЖМКлардын материалдарына карата доо арыз берүүнүн эскирүү мөөнөтү үч жылдан бир жылга чейин, ЖМКлардын суроолорун кароо мөөнөтү жетиден беш иш күнүнө чейин кыскартылат.

Мыйзам долбоору талкууланып жатканда сөз эркиндигин коргоочулар андагы «ТИМ өлкө мыйзамдарына ылайык, чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын өкүлчүлүктөрүнө жана алардын кызматкерлерине аккредитация берүүдөн баш тарта ала тургандыгы» тууралуу нормага тынчсызданууларын билдиришкен.

Жаңы мыйзамда «маалыматтык суверенитет» түшүнүгү киргизилди. Ага ылайык, казак тилиндеги теле жана радиоберүүлөрдүн көлөмүн 2027-жылга карата акырындык менен 50 пайыздан 60 пайызга чейин жеткирилиши керек. Ошондой эле 2027-жылга чейин чет өлкөлүк теле жана радиоберүүлөрдүн радио жана телеканалдардагы ретрансляциясын 20дан 10 пайызга азайтуу каралууда.

Мыйзамдагы жаңы жоболордун бири катары Маалымат министрлигине масс-медиага мониторинг жүргүзүү ыйгарым укугун берүү айтылууда. Анын алкагында мекеме масс-медиалардын «коомдун адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирген-келтирбегенин, ошондой эле жалпы адамзаттык, улуттук, маданий жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бузган-бузбаганын аныктайт».

Мындан тышкары мыйзамда медиа тармакты өнүктүрүү максатында ЖМКлардын ишмердүүлүгүн өз алдынча көзөмөлдөө маселеси боюнча коомдук-адискөй кеңеш түзүү, журналисттин этикалык кодексин иштеп чыгуу боюнча функцияларды бекитүү каралган.

Мыйзамга ылайык, журналист өз милдеттерин аткарып жүргөн маалда өмүрүнө же саламаттыгына зыян келтирилген учурда «ЖМКнын ээси Казакстандын мыйзамдарында каралган тартип менен ага келтирилген чыгымды төлөп бериши керек болот».

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун сөз эркиндиги боюнча быйылкы рейтингинде Казакстан 180 өлкөнүн ичинен 142-орунга жайгашкан.

Сүрөт: Akorda.kz

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты