Тогуз айда 129 өзгөчө кырдаал катталып, 61 адам каза болду  

  • 2 дня мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгын чыгарды.  

2024-жылдын 9 айында 129 өзгөчө кырдаал катталып, 61 адам каза болду.

Бул тууралу ӨКМ билдирди.

Ал эми 2023-жылы 9 ай ичинде 29 өзгөчө кырдаал катталып, 37 адам каза болгон.

2024-жылы Кыргызстанда селдин саны рекорддук чекке жетип, 300дөн ашты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) чукул кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыев 9-августта маалымат жыйынында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, быйыл жүргөн селдин саны акыркы 30 жыл ичиндеги эң жогорку чекке жетти, отуз жыл мурдагы цикл кайталанууда.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты