Тоң районунун Көк-Мойнок айылында шамал электр станциясы курулат

  • 5 дней мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Орусия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Ысык-Көл облусунун Тоң районунда шамал электр станциясын курууга капсула салуу аземине катышты.

Инвестициялык долбоорду “Росатомдун кайра жаралуучу электр энергиясы” акционердик коому ишке ашырууда. Долбоорго ылайык 100 МВт кубаттуулуктагы шамал электр станциясы курулат, пландалган жылдык өндүрүш 290 млн кВт/саатты түзөт. Курулуштун мөөнөтү 12 ай. 

“Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалы жогору аймактардын катарына кирсе да, биз керектөөбүздө шамалдын, күндүн же биогаздын энергиясын колдонгон жокпуз. Бизде жылына 300дөн ашык күн ачык болуп, жергиликтүү шамалдын күчү элдик уламыштарда чагылдырылган. Азыр Ысык-Көлдүн жээгиндеги Көк-Мойнок айылында 100 МВт кубаттуулуктагы шамал электр станциясынын курулушу башталганына күбө болуудабыз” деди  Акылбек Жапаров.

Ошондой эле МинКаб төрагасы буга чейин Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр станциясын курууга капсула салынганын, аны кыргыз компаниясы “Бишкек Солар” жана россиялык “Юнигрин Энерджи” кура турганын белгиледи.

Орусия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук иш-чаранын конокторун шамал электр станциясынын курулушунун башталышы менен куттуктап, ишканага ийгиликтерди каалады.

Тоң районунун Көк-Мойнок айылында шамал электр станциясы курулат

Сүрөттөр: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты