Тоң районунун Ак-Сай айылында сел жүрдү

  • 4 недели мурун

18-августта саат 19:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Тоң районунун Ак-Сай айылынын Жума Жамгырчиев көчөсүндөгү турак үйлөрдү сел каптады.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ)  маалымдады.

Ал жакка Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Ак-Сай айылында сел суулары жалпы 30 үйгө кирип, эки турак үйдөн 7 чоң киши жана 6 жаш бала убактылуу коопсуз жайга эвакуацияланды

Учурда Тоң райондук N38 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн кошумча 20 куткаруучу тартылып, турак үйлөрдөн сел сууларын сордуруу иши жүрүүдө.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты