Өтмөк ашуусунда жеңил унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөө алынды  

  • 7 часов мурун

Өтмөк ашуусунан жеңил унаалар кезеги менен өткөрүлө баштады. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.  

Өтмөк ашуусуна бүгүн, 16-октябрда, таңкы саат 05:30дан тарта чектөөлөр киргизилген. Оор жүк ташуучу унаалар өткөрүлгөн жок, ал эми жеңил унаалар кезеги менен өткөрүлүүдө.

“Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга жана “Талды-Булак” постунда жеңил унааларга чектөө алынып, “Арал” постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алына элек.

ӨКМ кабарлагандай, жолдо жүргөн 13 оор жүк ташуучу унаа убактылуу токтотуучу жайга токтотулду.Талас районунда жолдо жүргөн жүргүнчүлөргө арналган 15 орундуу жылынуу пункту ачылып, жылуу жууркан-төшөк менен камсыздалган. Жолдо калган жүргүнчү жана айдоочуларга ысык чай, тамак-аш берилип жатат. Андан тышкары Айтматов жана Талас райондорунда орнотулган Ied экрандан жергиликтүү тургундарга жана жүргүнчүлөргө маалымат берилүүдө.

Сүрөт: mchs.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты