ТИМ жарандарды Израил жана Ливанга барбай турууну сунуштады

  • 2 месяца мурун

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарына Израилге жана Ливанга баруудан алыс болууну сунуштады.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.  

Ошондой эле Ливан жана Израилде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүсү зарыл экенин белгилейт.

Ошону менен бирге Министрлик, белгиленген өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандары ыкчам байланыш үчүн Кыргыз Республикасынын Кувейт теги элчилигинин (+96525359951), КРнын Түркиядагы элчилигинин (+905456896800) жана КР тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин (+996 999 312002) ишеним телефондору аркылуу зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышарын билдирет.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты