ТИМ Жакынкы Чыгыштагы окуяларда кырдаалдын курчушуна алып келүүчү аракеттерден алыс болууга чакырды

  • 3 дня мурун

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Жакынкы Чыгыш аймагында болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салып тургандыгын  жана согуштук аракеттерди тез арада токтотуу, саясий диалогду баштоо жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү боюнча дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүгө чакырат.

ТИМ мындай деп билдирди:

-Биз жаңжалдашып жаткан тараптарды эл аралык укуктун негизги принциптерин жана нормаларын сактоого, анын ичинде аймактагы кырдаалдын курчушуна алып келүүчү аракеттерден алыс болууга чакырабыз.

Кыргыз Республикасы согуштук аракеттерди тез арада толук токтотуу, саясий диалогду баштоо жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү боюнча дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүгө чакырат.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги аймактагы туруксуздук менен байланышкан тобокелчиликтердин күчөшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарына Израил мамлекетине, Иран жана Ливанга баруудан баш тартууну сунуштайт.

Ошол эле учурда, буга чейин Жакынкы Чыгыш аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына өздөрүнүн коопсуздук чараларын күчөтүүгө, адамдар көп чогулган жерлерге барбоого жана өлкөнүн расмий органдарынын талаптарын жана сунуштарын так аткарууга чакырат.

Эгер кандайдыр бир жардам же маалымат керек болсо, төмөнкү тез жардам номерлерине кайрылса болот:

Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчилиги: +96525359951;

2. Түркиядагы элчилик: +905456896800;

3. Ирандагы элчилик: +989352505226

4. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгы: +996999312002.

1-октябрь күнү кечинде Иран Израилди ракета менен аткылады. Алар бул сокку ХАМАС лидери Исмаил Ханиянын, Ливанда “Хезбалланын” лидери Хасан Насралланын  өлтүрүлүшүнө жооп катары болгондугун белгилешти.

“ЦАХАЛ Израилдин тынч жаткан тургундарын коргоого бардык зарыл болгон аракеттерди жасайт” деп айтылат Израилдин Коргоо аскеринин билдирүүсүндө.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты